2021-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенү боюнча кызматынын начальниги Жеңиш Жоробеков «Хидаят» зомбулуктуу экстремизм менен күрөшүү боюнча эл аралык борбордун директору, Абу-Даби эмиратынын  атынан Бириккен араб эмиратынын Федералдык улуттук кеңешинин мүчөсү Али Рашид Аль-Нуайми  менен жолугушту.

Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмиратындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана  эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, эки тараптын ведомстволорунун башка өкүлдөрү дагы катышты.

Тараптар кызматташуунун перспективдүү багыттарын, эки тараптын кычыкчылыгын жараткан практикалык тажрыйба жана маалыматтар менен алмашуу, эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу достук жана иштиктүү маанайда өттү.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы