Бишкектеги “Кербен” базарынын ишкерлери Лейлектеги чек арачы жоокерлерге музыкалык аппаратура жана улуттук музыкалык аспаптар, кийим-кечелерди, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жана Сада айылынын жашоочуларына гуманитардык жардам жөнөттү.

 

«Чек арачы жоокерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, духун көтөрүү милдетибиз»,- дейт “Кербен” базарынын директору Нурбек Жумалиев жана профсоюз уюмунун төрайымы Кундуз Кокочорова.

Эске салсак, “Кербен” соода борбору тарабынан Сада айылынын тургундарына жана чек арадагы жоокерлерге жардам экинчи ирет жөнөтүлүүдө.

Буга чейин, жергиликтүү тургундарга 214 үй бүлөгө  15 миң сомдон берилген.