Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз Бишкек шаардык сотунда каралбай калды.

Эки депутаттын жактоочулары алардын коргоосундагы адамдардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. Алар сот жабык өтүп, жараянга шектүүлөр алынып келбегенине нааразы болушту. Ал эми Жээнбеков менен Зулпукаровдун 100дөй тарапташы соттун имаратынын сыртында митинг өткөрүштү.

Адвокат Давран Касымовдун айтымында, сотторго бир нече жолу доо коюлган. Тактап айтканда, Асылбек Жээнбеков сотко жеткирилбегендигине байланыштуу. Натыйжада, жараян 23-июнга жылдырылган.