Ат-Башы районунун тургундары, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда, индустриалдык-соода логистикалык борборунун курулушун колдошту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, С.Жапаров кечээ, 18-июнда, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башын районунун тургундары менен жолугушту.

Жапаров менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда Ат-Башы районуна соода-логистикалык борборун куруу долбоору талкууланды.

Мамлекет башчысы регион экономикасынын кыймылдаткычы боло турган бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору бул долбоорду ишке ашырууга каражат салууга даяр, жана көптөгөн товарларды чыгарган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар ушул жерде жайгаштырыла баштайт.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, инвесторлор менен баарлашууда биринчи кезекте ал жергиликтүү калктын пикирин эске аларын, ошондуктан ал эл менен кеңешүү үчүн келгендигин белгилейт.

Ал кошумчалагандай, эгер атбашылыктар таптакыр каршы болсо, анда соода-логистикалык борборду куруу маселеси башка аймакта каралышы мүмкүн.

Садыр Жапаров соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө болоорун жана бул учурда дотацияда турган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң жардам болорун баса белгиледи.

Райондун жашоочулары буга чейин жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен, сугат жерлерин бөлүп берүү маселесин өз убагында чечпегендиктен, бул долбоордун ишке ашырылышына каршы болуп келишкендигин белгилешти. Жергиликтүү тургундар жалпысынан индустриалдык жана соода логистикалык борборунун курулушун колдошту. Ошол эле учурда алар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигине көңүл бурушту.