«Кумтөр Голд Компани» ЖАК бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Бул тууралуу компаниянын убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Баарыңыздарга ийгилик!
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК чыныгы жана эмгекчил адистер гана иштей турган жайга айланышы керек», — деп жазган ал.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын веб-сайтында диетолог, бухгалтер, долбоордун менеджери, кадрлар боюнча адис жана башкалар үчүн бош орундар бар.

Студенттерди жайкы практиканы өндүрүштөн алтынды өндүрүүчү фабрикада өтүүгө чакырышат.