Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Талас жергесинде +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын аймагында +18…+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29…+31, Ош калаасында +33…+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.