Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу максатында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын 24 — июнунан тартып «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу кирүүгө чектөө киргизет. Бул тууралуу  «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат. Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.

«Манас» ААКсы жүргүнчүлөр жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.