ЖРТда эң жогорку баллды Каракол шаарындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу алды

Быйыл Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы  менен эң көп баллды Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев алды. Ал эң жогорку делген 250 баллдын ичинен 232сине ээ болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматы боюнча, Жайдар Нургазиевден кийинки жогорку баллды (231 балл) Бишкек шаарынын окуучусу Алия Сарыгулова, андан кийинки баллды (230 балл) Сымбат Касымбекова Талас районунан алган.

Жалпысынан 58 катышуучу жогорку делген баллды алган.

Эске салсак, быйыл ЖТР 18-23-май күндөрү өткөрүлгөн. Ага 42 миңден ашык бүтүрүүчү катышты.