Кандайсың? Олтурасың анан, калп эле элге күйгөн киши болуп. Кечкисин  тиги көңүлдөшүңдүн көңүлүн ачып, күндүзү иштеген киши көрүнүп. Ушул көрүнүштү элестетсем эле күйөм да. Эстесең биздин мамиле качан башталды эле.

Ооба, сен өкмөткө ишиң түшүп тызылдап, өкмөт башчыга кире албай көчөдө калганда башталган.  Ортого түшүп, кадырымды салып жумуштарыңды жарым жартылай бүтүрүп бердим. Ошого чексиз ыраазы болуп, сүйүүңдү арнай баштадың. Жалгыздыктын торунда турган мен дароо эле багындым. Алды артымды карап, сенин ким экениңди иликтей турган абалда эмес болчумун. Так ушул абалымдан пайдаландың, аттиң ушунча жүрөгүмө уу чачаарыңды билсем ошол замат мамилени токтотуп салбайт белем. Сонун күндөрүбүздүн биринде сен парламенттик шайлоого аттанмай болдуң. Кадимкидей киришип, аттын башындай болгон амбицияңды тизгиндей албай ар кайсыл лидерге жолугуп сүйлөшүп аттың. Анан бир партияны тандаптырсың.

Кылт эткен кабар журналисттерге жетип турат да.  Ал партиянын кийинки шайлоого өтпөөрү белгилүү болчу, керек болсо ошол шайлоонун жыйынтыгында өткөн партиялар да парламентке келээр келбеси табышмак болуп, өлкө чайпалып аткан.  Мен сенин акчаңды коробосун деп жанталашып каршы чыктым, уруштум талаштым. Акыры сен шайлоого баруудан баш тарттың. Өх деп калгам, акыры менин айтканым чын чыкты. Анан эле мен кайра алдын алганча шаардык кеңешке аттанып кетиптирсиң.

“Мейли, өзү туулуп өскөн шаар, бара берсин” — дегем. Бирок жаныңда пайда болгон кесиптешим биздин сүйүүнүн аягына чоң чекит койду. Күнүгө миңдеген адам менен сүйлөшө берип психолог болуп калган мен, экөөңөрдүн мамилеңер жөнөкөй журналист менен ишкердин ортосундагы мамиле эмес экенин дароо билдим. Чыр салдым, кызгандым, уруштум. Бириң моюнуңа албай койдуң го чиркин. Мейли, ал кесиптешим менден сулуу болсо жаш болсо. Бирок экөөбүздөн ал он жаш улуу болчу, сага таптакыр жакшылык каалабай тургандардын биринчиси эле. Сенин ишенчээктигиңден пайдаланып, сен жетектеп бараткан партияда аялдардын квотасы менен кирди да депутат болуп кетти.

Көздүү сокур болуп, менин тыбырчылап жамандыктан коруп атканымды чымын чаккандай көрбөй, болушуп туруп алдың. Канчалык ысып күйүп сени сүйүп атканым менен сен анын торуна чыга албай турган болуп түшүпсүң. Азыр да торундасың. Бирок ал аял сени чекесинен сатып, башыңды айландырып жүрөт. Мени болсо адам ордуна көрбөй калганыңда намысымдан бүт мамилени жыйыштырдым дагы басып кеттим. Ичим тызылдап өрт болуп жалындап атам, кызганычым көкүрөгүмдү тээп, көңүлүмдөн кетпей атсаң да байланышууну кан буугандай токтоттум.

Бирок сен жакшы жолдо эмессиң, дагы деле тигил аялга жакын болуп жүрөсүң. Жаңылыктарды карап турсам ишканаң өрттөнүп бир нече миллионго чыгым болуптурсуң. Менин жүрөгүм азыр кудум ошол өрттөй өрттөнүп атат. Кыйналып жүрөм сагынычтан. Бирок бул сапар биринчи кадамды сен жасашың керек, сен… Болбосо, эми мен кайрылбайм, акым да жок. Акыры өзүмдү сыйлашым керек го…