КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Исаков Жаныбек Маматович дайындалды. Аталган буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Жаныбек Исаков 1970-жылы 3-октябрда Кадамжай районунун Орозбеков айылында туулган.

Жогорку билимдүү: 1996-жылы Ош мамлекеттик университетин «тарых мугалими» адистиги боюнча бүтүргөн.

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1991–1994-жж. — Баткен облусундагы Пүлгөн айылындагы Михаил Ломоносов орто мектебинде мугалим;

1994–1997-жж. — Орозбеков айылындагы Тешеев атындагы орто мектепте мугалим;

1997–2001-жж. — Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү, башкы адис;

2001–2003-жж. — Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адисинен тарта аппарат жетекчилигине чейинки кызматтарды аркалаган;

2003–2004-жж. — Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү, башчы;

2004–2004-жж. — Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, сектор башчы, бөлум башчы;

2004–2005-жж. — Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, башкы адис;

2005–2009-жж. — Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;

2009-ж. — Баткен областтык шайлоо комиссиясы, төрагасы;

2009–2017-жж. — Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары;

2017–2019-жж. — Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы–аким;

2020–2021-жж. — Кызыл-Кыя педагогикалык институнун директору;

2021-ж. — Баткен мамлекеттик университети, структуралык бөлүмдөрдү өнүктүрүү боюнча координатору, ректордун өкүлү.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.