Россия элчилиги Владимир Путиндин коронавирустун тарап кеткен кесепеттерин жоюу маалында чет элдик жарандардын же жарандыгы жок жүргөн адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убактылуу чараларды караган жарлыгы боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

15-июнда президенттин мигранттардын Россияга келүүсү боюнча чыгарган жарлыгынын мөөнөтү бүтөт. Кеп мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам РФте жүрүү боюнча документтерин узартууга болбой турган буйрук туурасында болуп жатат. Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктерди миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация кылынбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу ашыкча.

Россияда орнотулган тартипти бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Ал эми мурда башка бир максат менен келген чет элдиктер арызына жаңы максатты көрсөтүп, анысы менен Россияга чындыгында эмнеге келген себебин билдире алышат деп белгилеген элчилик.

Миграциялык каттоого туруу үчүн берген арызында иш берүүчү менен түзүлгөн расмий эмгек же укуктук-жарандык келишим болушу керек.

Эгерде мигранттын бул документи жок болсо, ага айып пул салынат. Эгерде эки ирет айыпка жыгылып, ал өлкөдөн чыгарыла турган болсо, анда өзү эле эртерээк, 30-сентябрда, Россиядан кетип калганы оң.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар, 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

Элчилик кыргызстандыктарды Россияда мыйзамдуу жүрүүгө жол ачкан бардык процедураларды 30-сентябрга чейин бүтүрүп алууну суранган.