Дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнө коронавирустун “дельта” түрү  жайылган. Бул тууралуу брифингде ДСУнун шашылыш оорулар бөлүмүнүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхов билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.

Анын айтымында, ал Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ВОЗ) тынчсыздануусун жаратууда.

Ошол эле учурда, Мария Ван Керкхове, вакциналар толук курстан өткөндө Индиянын “Дельта” штаммынан коргойт деди. «Вакцинанын эффективдүүлүгү жагынан алганда, биз көңүл бурган бардык варианттарда, анын ичинде “дельта” түрүнө, вакциналар оор илдеттерге жана өлүмгө каршы натыйжалуу бойдон кала берерин билебиз. Бул абдан жакшы жышаан », — деди ал.

ДССУ тобунун башчысы ошондой эле вирустун жаңы варианты өлүмгө алып келээри тууралуу азырынча тастыктала электигин белгиледи. Ошол эле учурда,  уюмда акыркы тыянак чыгаруу үчүн маалымат жетишсиз.