Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин абагында кармалат.

“Жактоочулар келтирген жүйөлөрдү такыр эске алган жок. Тергөөчүнүн гана айткандарын негиз кылып чечим чыгарды. Өмүрбек Бабанов бул иш толугу менен абсурд экенин айтты. Сот жактоочулардын келтирген жүйөсүн эске алган жок”, — деди саясатчынын жактоочусу Амантур Абдрахманов.

Бабановду 31-майда “Кумтөр иши” боюнча Улуттук коопсуздук комитети кармаган.

Өмүрбек Бабанов 2-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Ал «Кумтөр» кылмыш ишиндеги коррупцияга айыпталууда. Ал өзү айыптоолорду четке кагып, аларды «абсолюттук куру сөз жана абсурд» деп атады.