Бишкекте Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча 27 бүтүрүүчү алтын сертификаттын ээси болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 58 алтын сертификат ээлеринин ичинен 27си борбор калаанын мектептеринин окуучулары.

«Эң жогорку баллды (231) №26 гимназия-комплексинин бүтүрүүчүсү Алия Сарыгулова алган, ал эми жогорку балл менен эң көп сертификат алуу боюнча №61 Автордук физика-математикалык мектеп-лицейи лидер болуп саналат, аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү 13 сертификат алган»,-деп айтылат мэриянын маалыматында.