Россия менен Кыргызстан  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн атайын техникаларды сатып алуу жана жеткирүү боюнча 20 миллион долларлык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Келишимге ылайык, 100дөн ашык өрткө каршы техникалар, эки тик учакты жана башка  техникаларды сатып алуу пландаштырылууда. Каражат толугу менен гранттык түрдө каралган », — деди министр.

Бообек Ажыкеевдин айтымында, ушул жылдын аягына чейин Кытайдан алты көчмө оорукана жана 100гө жакын өрткө каршы шаймандар алынып келиниши керек болчу. Бирок, процесс COVID-19дан улам кийинкиге калтырылган. 2022-жылдын аягына чейин жабдуу республикага жеткирилет деп пландалууда.

Министр белгилегендей, июль айынын башында 60 даана өрткө каршы техникаарды сатып алуу  боюнча тендер өткөрүү пландаштырылууда.

Ажикеев учурда 55 оор техника жаңы келгенин жана июндун аягына чейин кошумча 85 техника келерин белгиледи.