Чүйдүн Кемин районунда 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган. Кийин болжол менен саат 17:30 чамаларында Кемин РИИБине жергиликтүү Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган. Каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган Х.О. аттуу кыз экендиги такталган», — деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене «киши өлтүрүү» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суракка алынган. Анда 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн кетип, көп өтпөй болжол менен саат 10:59 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып үйгө сугат жумуштары бүткөндө барарын айтып, ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон», — деп кошумчалашты облустук милициядан.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.