2021-жылдын 21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ардагери Туратбек Бейшенбаевди 70 жаш кутман курагы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги жана ардагерлер куттукташты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Дамирбек Исаков “Урматтуу Туратбек Асанович сизди ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман, 70 жаш кутман курагыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиз ИИОда көптөгөн жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, зор салым кошкондугуңузду жогору баалайбыз. Дагы көп жылдар бою өмүр сүрүп, үй- бүлөңүздүн жанында жүрө бериңиз”- деп каалоосун айтып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген медалды тартуулап, ак калпак кийгизип, белектерин тартуулады. Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Айтбек Абдылдаев өзүнүн куттуктоо сөзүн айтып, адамдык сапаты жогорку деңгээлде экенин баса белгилеп, ардагерлер кеңешинин атынан белектерин тартуулады.

Аталган иш-чарада Туратбек Бейшенбаевдин кызматтык жолу тууралуу ардагерлер айтып өтүштү.  1969-жылдан тартып, 2004-жылга чейин ИИОда кызмат өтөгөн. Туратбек Бейшенбаев эң биринчилерден болуп баңгибизнеске карата кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгын уюштурган.

 

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы