Казакстан Кыргызстанга QazVac коронавирусуна каршы вакцина бөлүп берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин Казакстандын элчиси жана саламаттыкты сактоо министри  менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Вакцина жума күнү келет. «Бул Спутник Vдин негизинде жасалган, ал коопсуз. Каалаган кыргызстандык эмделе алат », — деди .

Алымкадыр Бейшеналиев кытайлык Sinopharm дарысы дагы эки-үч күндөн кийин келе тургандыгын кошумчалады. «Ал чартердик рейсте келет»,- деди ал.

Азыр Кыргызстанда орусиялык «Спутник V » вакцинасы гана калды. Аны 60 жаштан жогорку өнөкөт оорулары бар адамдар жана дарыгерлер алышы мүмкүн.

Эске салсак, бүгүн, 22-июнда өлкөдө 931 жарандан илдет табылып, 8 бейтап каза болду.