Ички иштер министрлиги  бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду октябрь окуяларына байланыштуу суракка чакырды.

Маалыматка ылайык, буга чейин «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы октябрь окуяларына байланыштуу 23-июнга ИИМге суракка чакыртылган.

Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач «УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган» деген айып коюлган. Кийин мындай берене өзгөрүп, октябрь окуяларында «калайман башаламандык уюштурган» деген күнө тагылган.

Эскерте кетсек, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.