11-июлга белгиленген Бишкек, Ош жана Токмак шаардык кеңештерине кайталап шайлоолор жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, бул эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу.

«Оорулардын саны өсүүдө жана адистер июль айынын биринчи он күндүгүндө туу чокусун божомолдошот. Эгерде мындай көрүнүш улана берсе, биз үгүт өнөктүгүн жок дегенде бир айга жылдырууну сунуштайбыз», — деди БШК мүчөсү.