Ош ШИИБи боюнча МККБнын кызматкери Аброр Хакимов Кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти

2021-жылдын 15-июнунан 21-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында Кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында эл аралык турнир өтүп, ага Ош ШИИБи боюнча МККБнын кенже инспектору  милициянын старшинасы Аброр Хакимов дагы катышты.

Ал 75 кг салмактагылар арасында  Өзбекстандык атаандашын накаут менен жеңип,  кыргыз мамлекетинин желегин эл аралык турнирде татыктуу көтөрүп чыкты. Бул эл аралык турнирге  12 жакын өлкөнүн профессионал спортчулары катышкан.

Эскерте кетсек, милициянын старшинасы Аброр Хакимов Ош-Азия профессионалдык спорт  клубунун тарбиялануучусу, Кикбоксинг боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, Азиянын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болот.

Кесиптешибизди жеңиши менен куттуктап, кыргыз милициясындагы кызматында жана спортто ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы