Отуз жылдан бери бир дагы мамлекеттик башчыбыз даап бара албаган ишти азыркы Президент Садыр Жапаров ордунан козгоп, «Кумтөр» алтын кенин элге кайтаруу, мамлекеттин кызыкчылыгына иштетүү үчүн аракетин жумшап жатат.

Анын мындай аракеттерине канадалык компания Центерра тарап жооп айтып, арбитраждык сотко берип, алар деле биздин элге таандык алтын кенин бергиси жок. Биздин кыргыз эли дагы бул алтын кени боюнча катуу туруп жатат. Кумтөрдөгү жумушчулар дагы канадалык инвесторлордун казылып алынган алтындын көлөмүн жашырып келгендигин белгилешип, кенде жакшы эле алтын казылып келгендигин, Кыргызстанга аз гана үлүшү берилип келгендигин акыркы убактарда казылган алтындарга салыштырып баш чайкап отурушкан чагы.
«Кумтөр» боюнча канча деген комиссиялар түзүлдү. Алардын канчасы элдин кызыкчылыгы үчүн иштеди, канчасы Центерранын кызыкчылыгы үчүн иштеди, бардыгы элге айкын.
Элдин мүлкү акыры элге кайтарылсын деген азаматтардын бардыгы мурдагы бийликтердин учурунда колдоо таппай, тескерисинче, бүт тосууларга туш болуп келди. Азыркы убакта өлкө башына келген Садыр Жапаров алтын кенине байланыштуу күрөшүн улантып, алтын кени элдин кызыкчылыгына иштесин деген позицияда туруп, Акылбек Жапаровдун комиссиясы экологиялык жана экономикалык бузууларды аныктап, учурда бир топ саясатчы, атка минерлер сурак берип жатат.
Бирок, ишканада иш токтогон жок. Ал жакта иштеген жумушчулардын айтуусунда иш кадимкидей эле өз ыргагы менен жүрүп жатат. Таштанды жайына байланыштуу адистер дагы жеринде текшерүү жүргүзүп, аракеттерди көрүп жаткандай. Айлык акылар берилип, мурдагыдай эле абалда жумушчулар иштеп жатышат.

Булак: Maalymat.kg