Эл өкүлдөрү Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну шаардык соттон суранышып, кепилдик беришти.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары депутат Төрөбай Зулпукаровдун камакка алынышына кабатырлыгын билдиришүүдө.

М. Абдылдаев, Бакыт Төрөбаев, Канат Исаев, Р.Момбеков, Ж. Мусабекова, У. Примов, Ш. Атазов, К. Иманалиев баштаган депутаттардын басымдуу бөлүгү ЖК депутаты, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаровду камакка алуу мыйзамсыз экенин белгилешти.

 

Парламентарийлер укук коргоо жана сот органдарынан ишти ачык, калыс жана ар тараптуу кароону камсыздоого чакырышты жана Төрөбай Зулпукаровго Кумтөр маселеси боюнча күнөөсүз экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп эсептешет.

Эл өкүлдөрү шаардык соттун коллегиясынан депутаттын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну суранышты жана Төрөбай Зулпукаров сотко чейинки иликтөөгө ошондой эле соттун териштирүүсүнө тоскоолдук жаратпашына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын толук сактоосуна кепилдик беришти.