Военно-Антоновка балдар үйүнүн директору Аскар Масылов тергөө бүткүчө кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Балдар үйүндө 1-июнда 12 жаштагы Игорь Якунин каза болгон. Администрациянын маалыматы боюнча, баланын жүрөгү токтоп калган. Ал эми анын улуу агасы Богдан инисин башка тарбиялануучу сабаганын айтып келүүдө.

Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын териштирип жатат.