Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө жактоочулардын өтүнүчүн карап жатат.

Учурда Төрөбай Зулпукаровдун сот иши каралып жатат.  Ал өзү сот залында отурат.

Ага байланыштуу шаардык соттун алдына депутаттардын тарапташтары чогулду. Алар колдоруна «Саясий куугунтукка жол жок», «Эл уулуна боштондук» деген плакаттарды кармап алышкан.

Буга чейин бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары кармалган эл өкүлдөрүнүн баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну шаардык соттон суранышып, кепилдик беришкен.

Эске салсак, Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда Кумтөрдөгү коррупцияга аралашкан деген шек менен кармалып, УКМКнын абагына камалышкан.