Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Карвендин ээси Генрих Баляндын иши боюнча комментарий берди.

“Ишкерлердин арасында 5 пайызы алдамчылык менен алектенип, салык төлөбөйт. Жакында эле укук коргоочу Чолпон Жакупова ишкерлер Кыргызстандан чыгып кетет, аларды мыйзам коргобойт деп айтып чыкты.  Сиздер  Балян аттуу ишкерди жакшы билесиздер. Ал мамлекеттик банкка болбогон күрөө коюп, 2,5 миллион долларды насыяга алган. Ал дагы деле бир  пайызын да төлөбөй келет. Демек, ал банктын жетекчилиги менен тил табышып, мамлекетти алдаган. УКМКда сурак берип жатып, ал баарын мойнуна алды », — деди ал.

««Керемет» Банк 100% мамлекеттин карамагында. Өлкөнү тоноо отуз жылдан бери уланып келе жатат. Ал чоң ишкер деп эле көзүбүздү жумушубуз керек беле? Же анын сиңдиси — укук коргоочу болгондугу үчүнбү? Бул элдин акчасы. Ошондуктан мындан ары биз мындай учурлардын алдын алабыз », — деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.

«Карвен» клубунун ээси, ишкер Генрих Балян 15-июнда алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2,3 миллион доллар насыя алган. Балян күрөө катары кыймылсыз мүлк берген, бирок акчасын берген эмес. 17-июнда сот аны үй камагына чыгарды.