«Бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге тышкы инвесторлорго гана эмес, өзүбүздүн ички инвесторлорго дагы көңүл буруу абдан маанилүү», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулук менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы инвесторлор менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги түзүлгөндүгүн белгиледи. Бул министрликке олуттуу тапшырмалар жүктөлдү жана андан жакынкы арада чечкиндүү кадамдар күтүлүүдө.

Ошону менен бирге Юстиция министрлиги нормативдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча иш жүргүзүп жатат, бул маанилүү иш-чаранын алкагында бардык укуктук нормалардагы ишкерлерге каршы колдонулуп жаткан карама-каршылыктар жоюлсун деген талап коюлууда. Буга өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан сырткары, жакынкы 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги Коррупцияга каршы кызмат жоюлат. Бул боюнча тийиштүү Жарлык даярдалып жатат.

Садыр Жапаров Башкы прокуратура ишкерлерди жана инвесторлорду коргой турган негизги органга айланышы керектигин өзгөчө белгиледи. Мындан ары Башкы прокуратура бизнестин таламын талашкан, укугун коргой турган милдеттерди алат.

Буга байланыштуу Башкы прокуратурага атайын жана тийиштүү чечимдерди тез арада даярдап чыгуу тапшырылды. Бул чараны ишке ашырууну тездетүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасына жана башкы прокурорго тапшырма берилди.

Мындан сырткары, президент алдыдагы дагы бир маанилүү иш-чаралардын бирине — Соода-өнөр жай палатасын кардиналдуу түрдө реформалоого токтолду. Бул уюм ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп, эл аралык ишкерлер менен байланыштарды чыңдап, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында мамлекет менен эриш-аркак иш алып барышы керек.

«Тилекке каршы уюм өз потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай, миссиясын өтөй албай келет. Бул уюмдун ишин жакшыртуу үчүн Япония жана Түркия мамлекеттеринин моделине көңүл бургум келет. Инвестиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча чечимдерди бир айлык мөөнөттө даярдоо тапшырылган. Ошондой эле эркин экономикалык аймактардын концепциясын түп-тамыры менен кайрадан карап чыгуу зарыл. Бул маселе кыйла жылдардан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей келет. Буларды чечүүнүн мезгили келди деп ойлойм», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент өз сөзүндө бардык бийлик бутактарынын жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, айрыкча укук коргоо жана фискалдык органдардын көңүлүн жеке секторго болгон көз карашты жана мамилени өзгөртүүгө бурду. Ушундай жол менен мамлекеттин жана жеке сектордун ортосундагы чыныгы өнөктөштүктү, ишеничти орнотууга кадам жасалат.