Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Ал укук коргоо органдарын ишкерлерге каршы козголгон кылмыш иштери үчүн сынга алып, көптөгөн арыздардан улам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) жоюлгандыгын эске салды.

“Мындай чечим бизнести коргоо максатында кабыл алынды. Ошондуктан, ушул курстан кийин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жакында жоюлмакчы. Учурда тиешелүү жарлык даярдалууда”, — деди мамлекет башчысы.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 2011-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан түзүлгөн.