Бишкек шаардык соту парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековдун адвокаттарынын камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасына нааразычылыгын карады.

Жактоочу  соттук коллегиядан ал жерден чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө ага карата баш коргоо чарасын тандоону суранды.

Кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып, сот чечимди окуду, ага ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

УКМК «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө. Июнь айында мурдагы жана учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматов УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды. Соттун чечими менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакка алынды. Колдоочулары бул камакка алуулар саясий негизде деп эсептешет.