Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбековдун кылмыш иштери каралды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык сот эки иш тең боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Аппеляциялык азырдануулар канааттандырылган жок.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду эки айга камакка алган.

Алар «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупцияга шектелүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактыларга шектелип Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдер кармалган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козгогон. Кийинчерек министрлер кабинети «Кумтөр Голд Компани» компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.