Дүйнө кезип бакыт издеген боордошторум…

Кайда барба, бөлөк эл бөтөн жерде “бакыт” издеп эмгектенип жүргөн кыргызды жолуктурбай коюуга мүмкүн эмес. Биздин мекендештер эмне үчүн Мекенин таштап кетип жатат? Жогорку билими болсо дагы, кара жумушка да кайыл болуп, жашоо стандарттарын көтөрүш үчүн кетип жатышат. Үй-бүлөсүн тың багуу үчүн жогорку айлык акы алуу үчүн кетип жатышат. Балдарына билим берүү үчүн өз өмүрлөрүн, жаштыгын садага чаап келечек муун үчүн ата-эне, улуулар кетип жатышат. Бирок, бизде дагы эле билим берүү системасы оңдолгон жок…

Анан кыргыз элине тийешелүү менталитеттин негизинде, доминонун принциби боюнча кетип жатышат: «достор, классташтар, кошуналар, туугандар кетип жатышат, эмнеге биз да бара албайбыз, дүйнө кезип, адамдар турмушун бизден акылдуураак, бизден жакшыраак кантип куруп атканын өз көзүбүз менен көрөлүчү» деген каалоо менен кетип жатышат.

Өлкөдөн кетип жаткан учактар менен поезддер жана автобустар менен жеңил машинелерде бак-таалайын эңсеп кетип аткан адамдарга дагы эле толтура. Булар биздин бир капшытыбызды аңырайтып кетип жаткандарын биз дагы эле сезе элекпиз! Ар бир узап бараткан уул-кызын амандык тилеп узатып, ичи эңшерилип жетимсирип калган Мекендин күйүттүн ким сезет?…

Алтынай Ажиматовна