Республикалык штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча, бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте электрондук саламаттыкты сактоо системасын ишке киргизүүнү, дары-дармек каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча улуттук маалыматтар базасын, ошондой эле коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетсин;

ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырууда жандандыруу бөлүмдүн милдеттүү болуусу менен өзүнчө корпусту же имаратты бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын;

облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо үчүн өз алдынча саламаттыкты сактоо мекемелерин, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоо үчүн гемодиализ борборлорун аныктасын;

Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте 118 номерлүү кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын (зарыл болгондо кызматкерлердин санын көбөйтүү менен);

шаар жана облустардын аймактарында күндүзгү же күнү-түнү иштөөчү стационарларды ачуу учурунда кире бериште медициналык персоналдын тийиштүү штатын камсыз кылуу менен бөлүштүрүү зоналарын милдеттүү түрдө уюштурсун;

10 күндүк мөөнөттө медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын ортосунда келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;

вакцинациялоо темпин күчөтсүн. Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына рейддик иш-чараларды өткөрүүнү күчөтүү тапшырылды.