Казакстандын вице-премьери Ералы Тугжанов коронавирустан эмдөө үчүн Казакстандан өндүрүлүп жаткан вакцинаны көп көлөмдө августтун аягында гана чыгаруу пландалып жатканын билдирди. Андыктан  жакынкы убакта чет өлкөлөргө берүү тууралуу айтууга болбойт, деп маалымдайт «Turantimes.kz».

Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан Казакстандын коронавируска каршы «QazVac» вакцинасын алышы мүмкүн деген маалымат тараткан.

Брифинг учурунда Тугжанов бул тууралуу суроого жооп берди.  Вице-премьердин айтымында, учурда QazVac вакцинасы ай сайын 100 миң доза көлөмдө өндүрүлүп жатат.

«25-июнда дагы 100 миң доза болот. Июлда дагы 100 миң доза чыгаруу пландалган. Августтун аягынан тарта ай сайын 600 миң дозадан чыгып турат. Бул маселе биздин көзөмөлдө», — деди ал.

Бирок өлкөдө бул вакцинанын тартыштыгы жок экенин кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө жеткирип берүүнү сураган башка өлкөлөр болуп жатат. Бирок биз биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек. Андыктан бүгүн, июнь айында, июлда, жада калса августта дагы башка өлкөлөргө вакцина жеткирүү маселеси каралган жок», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой дагы башка өлкөлөрдөн Казакстандын вакцинасын алуу тууралуу кайрылуулар болуп жатканын тастыктады. Алардын баары каралып жатканын кошумчалады.