Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт. Мындай чектөөлөр 28-июндан тарта 9-июлга чейин улана турганын «Газпром Кыргызстан» эскертти.

Бул аралыкта 1976-жылы пайдаланууга берилген жер алдындагы газ түтүктөрүн алмаштыруу жана ревизия иштери жүрөт.

Газ өчүрүлө турган аймактар Садырбаев, Л.Толстой, Ала-Арча, Миңжылкиев, Тыналиев, Масалиев, «Жал-23», «Ротор» отказандары менен чектешкен райондор.