КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Кыргызстандагы ишкерлер менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн, пикирлерин, сунуштарын укту.

Анда экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн ойлорун айтты.

«Биз экономиканы экспорттук дисциплина, фискалдык-каржы механизмдери жана акча-насыялык саясат аркылуу өнүктүрүшүбүз керек. Биздин Улуттук Банк башында турган экономиканы   өнүктүрүүчү түзүмдөр  өздөрү менен өздөрү болуп калышты, инфляция менен гана алек болуп келатышат. Ошол эле мезгилде АКШнын федералдык резерв системасы жумушчу орундарын түзүү, экономиканы көтөрүү багытында иш алып барат.  30 жылдын ичинде Улуттук Банк инфляцияга гана көңүл буруп калды. Башка сөз кыларлык иши көрүнбөй жатат.  Биз өнөр жайга багыт алып, кайра иштетүүгө басым жасашыбыз зарыл. Экономиканы өнүктүрүүдө кошуна Кытайдын потенциалын, башка ири экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.