Бүгүн, 24-июнда өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндөгү аттестат тапшырылат. Аттестаттарды тапшыруу менен байланышкан шаан-шөкөттөрдү уюштурууга, ошондой эле кафе-ресторандарда жана башка көңүл ачуучу жайларда бүтүрүү кечелерин уюштуруу үчүн акча каражаттарын чогултууга жол берилбейт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, министрдин орун басары Надира Жусупбекова 2020-2021-окуу жылынын аякташына жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө байланыштуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү.

Анда мектептердин аймагында өтө турган иш-чараларда санитардык нормаларды сактоо, ага бүтүрүүчүнүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөсүн гана катыштыруу менен өткөрүлүшүн көзөмөлдөө, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери менен тыгыз иштешүү тапшырылды.

“Аттестаттарды тапшыруу маалында тартиптин камсыздалышы, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн жана саламаттыгынын сакталышы үчүн жекече жоопкерчиликти жалпы билим берүү уюмдарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери тартышат”, – дешти министрликтен.