Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биринчи жолу балдарды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүгө болорун билдирди, бул анын жаңыланган сунуштамасында айтылат, — деп билдирет Интерфакс уюмдун сайтындагы жаңыланган билдирүүсүнө шилтеме берип.
Жаңыланган билдирүүдө балдар жана өспүрүмдөр чоңдорго салыштырмалуу коронавирусту оңой жуктура тургандыгы айтылган.
«Ошондуктан эгерде алар оор COVID-19 илдетинин тобокелдиги жогору болгон топко кирбесе, анда аларды улгайган адамдарга, өнөкөт оорулары барларга жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине караганда шашылыш эмдөөдөн өткөрүш керек», — деп айтылат ДССУнун сайтында.
Мындан мурда уюм COVID-19га каршы вакцинанын балдарга таасири тууралуу маалыматтын жетишсиздигин айткан, ошондуктан балдарды эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштаган эмес.