Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков УКМКга жана Башкы прокуратурага  Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровго каршы арыз берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровго карата өз алдынча тергөө жүргүзө баштай турганын министрдин өлкө экономикасындагы кырдаал оор эмес деген сөзүнөн кийин билдирген.

 

Султанбеков арызында 2020-жылдын 10-декабрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (азыр жоюлган) тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Жалгасыновдун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарованын салык төлөөдөн баш тартуу ишинин алкагында 28 млн сом бюджетке төлөгөнүн жазган.

Тагыраагы, Жапаровдун аялына таандык компаниялар мамлекетке 90 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирип, анын 28 миллиону кайтарылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын экс-башчысы Сыймык Жапыкеев Жапарованын фирмалары бюджетке 1 миллион доллар зыян келтиргенин билдирген.

«МИС» ачык акционердик коому Ысык-Ата районунда өнөр жай, соода жана айыл чарба багытындагы 30га жакын кыймылсыз мүлккө ээлик кылат. Бирок ири өлчөмдөгү жүгүртүүлөрүнө карабай, акыркы бир нече жылдын аралыгында салык отчетторун нөлгө чейин берип келишкен.

Ошондой эле ал 90 миллион сомдун 28 миллион сомунан башка төлөмдөр кандай жүрүп жатканы боюнча кабарлап коюуну суранган. Мындан сырткары, күнөөсүн мойнуна алып, өлкө бюджетине акча төлөй баштаган Жапарованын төлөмдөрдүн графигин тиркеп коюуну, Акылбек Жапаровго байланыштуу бул ишти аягына чыгарууга шашылууну суранган.