Учурда Президенттин Тажикистанга  болчу  иш сапары тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Фейсбук колдонуучусу Падишахан Султаналиева Президентке ак жол каалап, төмөнкүдөй пикирин билдирди.

“Садыр Жапаровго ак жол, Таджикстан өлкөсүнө сапарга жөнөсө. Абдан туура, ар бир кошуна өлкө менен кандай кыйынчылык болсода достошуп, бир чечимге келгени жакшы. Биздин ички чача пача оосар душмандарга арга жок. Алар ар бир президенттин душманы болушкан. Өзүнүн эле тууган уругу, жакыны, табакташы, аякташы болбой калса, каршы боло беришет. Бирин төңкөрүп бирин шайлап, орто жолдо тоноп талап”,-деген.