Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 28-29 – июнда Тажикстан Республикасына расмий иш сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө ТРнын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү күтүлүүдө.

Борбор Азия боюнча эксперт Григорий Михайлов сүйлөшүүлөрдө мамлекеттик чек ара жөнүндөгү маселеси башкы маселе болот деп эсептейт.

“Садыр Жапаров Тажикстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн баратканы эч бир шек жаратпайт, анткени ушул жылдын апрель-май айларындагы каргашалуу окуялар ушул маселеден улам келип чыкканы белгилүү. Чек ара маселесинен тышкары экономикалык кызматташтык маселелери да, мисал үчүн энергетика тармагыдагы ошол эле CASA-1000 долбоору, логистика тармагындагы – трансчекаралык ташуу маселелери талкууга алынышы мүмкүн. Бирок эң башкы маселе – чек ара көйгөйү болмокчу”, – деп белгилейт Г. Михайлов.

Эксперттин пикиринде Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапары – бул кыйла тобокелге салган кадам. Талдоочу Кыргызстандын саясатчыларынын бир бөлүгү президент ал жакка барбай эле Эмомали Рахмондун өзү демилге көтөрүүсүн күтүп отура турса болмок деп эсептешерин белгилейт.

“Бирок Эмомали Рахмон өзү демилге көтөрүп, көйгөйдү чечүүгө киришет деп күтүп отура берүү узакка созулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Садыр Жапаровдун маселени чечүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алып жатышы чынында жоопкерчиликти жана тайманбастыкты талап кылган маанилүү кадам болуп эсептелет. Бул кадам албетте тобокелдүү кадам, анткени чек ара маселеси чечилээри белгисиз. Бирок кандай болгон күндө Жапаровдун мурунку кыргыз президенттериндей муну бирөө жасап берет деп пассивдүү күтүп отура бергендин ордуна иштиктүү аракетке умтулуусу жакшы иш. Тактап айтканда, С. Жапаров “Тоо өзү Мухаммедке келбесе, анда Мухаммед өзү тоого барат” деген белгилүү макалдагыдай иш тутууда”,– дейт эксперт.

Григорий Михайлович АКШ өз аскер күчтөрүн чыгарып кетип жаткан жана “Талибан” кыймылы улам жаңы аймактарды, анын ичинде, Тажикстан менен болгон чек араны каратып алып жаткан Афганистандагы акыркы окуяларды эске алганда, тажиктер өзүнүн башка кошуналары, анын ичинде кыргыздар менен да мамилени турукташтырууга кызыкдар экенин белгилейт.

“Мындай окуялардын күзгүсүндө Дүйшөмбү сүйлөшүү үчүн кыйла ийкемдүү болот, компромисстерге барат, балким бул сүйлөшүүлөрдө чек арадагы жана анклавдардагы талаштуу маселелерди чечүүгө мүмкүн болоор”, – деп эсептейт талдоочу.

Борбор Азия боюнча эксперт чек ара маселелери мындан 10-15 жыл мурда эле чечилүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Аталган маселелер чечилмейинче бул аймактагы өлкөлөрдүн баарына, анын ичинде Өзбекстанга да олуттуу тобокелчиликтерди жаратышы ыктымал.

“Чек ара делимитация болоору менен Фергана өрөөнүндө улам кайталанып келаткан чыр-чатактардын бир бөлүгүнө чекит койсо болот”, – деп белгиледи Г.Михайлов.

Москванын позициясына келсек, эксперттин айтымында Кремль кыргыз-тажик чек арасындагы талаш-тартыштардын тынч жол менен тезирек чечилишине кызыкдар.

“Москва чек ара талаштарын мүмкүн болушунча тезирек дипломатиялык жана тынч сүйлөшүү жолу менен чечилишине кызыкдар жана Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун бул багыттагы биргелешкен сүйлөшүүлөрүн колдойт. Ал эми чыр-чатак жагына келгенде Москва нейтралдуу позицияны ээлейт жана эч кайсы тарапты колдобойт”, – деди Григорий Михайлов.