Саясат талдоочу Денис Бердаков Кыргызстандын президентинин Дүйшөмбүгө боло турган сапары зарыл деп эсептейт. Анын айтымында бул Кыргызстандын сүйлөшүүгө ачык экенин көрсөтүүдө. 

“Акыл-эстүү адамдар, эксперттер кырдалдын биздин өлкө менен сүйлөшүү болмоюнча чечилбей турганын түшүнөт.

Жакында болуп өткөн чыр-чатакта биз жабырланган тарап болгонубуз, чындык биз жакта экени түшүнүктүү. Бирок башка жагынан алганда Тажикстан биз эч бир кол үзүп кете албай турган кошунабыз. Ошондуктан ортодогу көптөгөн маселелерди чечүү үчүн биринчи кезекте чек араларды тактоо иштерин аягына чыгаруу керек. Анткени акыркы чыр-чатактын да, ага чейинкилеринин да келип чыгышына мына ушул маселе гана себепчи болгон.  Демек көйгөй кагаз жүзүндө чечилип, чек ара мамыларын орнотмоюнча кырдаал мындан ары да начарлай берет. Андыктан барыш керек, сүйлөшүү керек, ишендирип, фактыларга такап болсо да маселени чечиш керек”, — дейт талдоочу.
Мындан тышкары, ал белгилегендей, Тажикстан менен жеке маселелерди да чечип алуу керек.

“Мисалы, жакында биздин фуралардын биринин айдоочусун чек арада таптакыр мыйзамсыз кармашкан. Мындай окуялар абдан көп.

Албетте, калп эле патриот көрүнүмүш болуп Тажикстанга “кансыз согушту” да жарыялап жиберсе болот. Бирок андай кылсак чыр-чатактуу кырдаалды ого бетер курчутуп алабыз. Бизге адамдар тынч жашап, Тажикстан менен так белгиленген чек ара болсо, ошол аймакта жашаган бардык адамдар муктаж болгон ич ара соода-сатык болсо деген чечим керек. Ал жакта турмуш деңгээли абдан эле төмөн, аны жогорулатуу керек”, – деп белгилейт Денис Бердаков.

Ошондуктан Садыр Жапаровдун маселелерди конкреттүү чечүү үчүн Тажикстанга аттанып жаткан сапары – бул Президенттин чечкиндүүлүгүнүн жана тайманбастыгынын бийик деңгээлин көрсөтүп турат.