Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга боло турган сапары аймактагы кырдаалды турукташтырууга кызмат кылат, деп билдирди саясат таануучу Марс Сариев. Ал белгилегендей, учурда КМШнын Афганистан менен түштүк чек араларында оор кырдаал түзүлүп жатат.

— Ооганстанда кырдаалдын башаламан болушу мүмкүн. Талиптер бийликке келиши мүмкүн. Түндүк Афганистан — Ооганстан деп аталган Түркстан, анда түрк элдери көп жашашат: өзбектер, тажиктер, түркмөндөр. Афганистандын ичиндеги мамилелер кандайча жакшырарын айтуу кыйын, бирок башаламандык болушу мүмкүн. Эгерде Ооганстанда башаламандык башталса, анда, кыязы, мурунку Советтик Борбор Азиядагы биздин республикаларда башаламандыктын стихиялуу абалы башталышы мүмкүн, деп эсептейт эксперт.

Ошондуктан, серепчинин айтымында, Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга, андан ары Тажикстанга сапары логикалуу жана туура.

— Буга чейин ЖМКга берген маегинде буга чейин деле айткан элем, эми дагы бир жолу кайталайм — өкмөттүк эмес сектор Тажикстанды Рим Статутунун негизинде эл аралык сотко берүүнү каалагандыгына байланыштуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кайрадан тирешүү башталышы мүмкүн . Биз сырттан, Ооганстандан өтө чоң коркунуч келатканын түшүнүшүбүз керек. Ал эми Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапары, менимче, алысты көрө билген кадам. Себеби ушундай жол менен Тажикстандагы кырдаал турукташып, Кыргызстан менен мамиле жөнгө салынат.

Кыргыздарда «кур намысы» деген жакшы сөз айкашы бар. Эгер биз ушул принципти кармансак, чек ара маселелерин эч качан чече албайбыз. Эми эң негизгиси мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, ал эми «ким биринчи, ким кимге келди» деген суроо таптакыр маанисиз.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө болгон сапарын сындоо аракеттери мындай билдирүүлөр эксперт жана саясатчы эмес, кырдаалды системалуу көрө албаган адамдар тарабынан айтылып жаткандыгын көрсөтүп турат. Баарынан да, буга чейин кармалган кыргыз саясатындагы «киттердин» тарапкерлери бул кырдаалдын сын-пикирлеринен пайдаланып кетиши мүмкүн, — деп жыйынтыктады Марс Сариев.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасында болот.