Тажикстандын чек арачылары тарабынан унаасы менен кошо барымтага алынды деген Кыргыз жаранына жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчилигинин тыкыр көзөмөлүндө.

Мекеменин маалыматына ылайык, 23-июнда элчиликке В.Ш., М.А. жана Д.Б. аттуу Кыргыз жарандарынан билдирүү түшкөн. Анда Тажикстандын көзөмөл-өткөрмө пунктунан жүк ташуучу унаалары менен өтүү маселесин чечүүгө жардам берүү маселеси айтылган.

«23-24-июнь күндөрү элчилик тажик тарап менен кыргыз айдоочуларынын Тажикстандан чыгып кетүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Элчиликтин маалыматына караганда, Тажикстандын Фотехабад көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргыз өлкөсүнүн 10го жакын жүк ташуучулары, анын ичинде жогоруда аталган жарандар турат», — деп айтылат мекеменин маалыматында.