Коронавирустун «дельта»  штаммы дүйнөдө үстөмдүк кылышы мүмкүн, анткени ал баштапкы SARS-CoV-2 вирусунан эки эсе көп жугуштуу болот, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы кызматкери Сумия Сваминатан Twitter баракчасына.

Анын айтымында, адегенде «дельта» штаммы Индияда аныкталса, азыр 85тен ашуун өлкөгө тараган.

«Бул штаммдын негизги артыкчылыгы — бул баштапкы вируска караганда (SARS-CoV-2. — Ред.) Кеминде эки эсе көп жугуштуу», — деди Сваминатан.

Илимпоз  мындай штамм менен ооруган адам «эки, төрт, алты, ал тургай сегиз адамга» жугузуусу мүмкүн экендигин белгиледи. Сваминатан түшүндүргөндөй, ушул себептен коронавирус  инфекциясы бүт үй-бүлө  мүчөлөрүнө жуккан учурлар көп кездешет.

«Жакшы жаңылык — дүйнөдөгү вакциналардын көпчүлүгү эффективдүү көрүнөт, жок дегенде катуу оорунун алдын алат», — деди ДССУнун өкүлү.

Адис вакцинациянын маанилүүлүгүнө карабастан, адамдар коргонуу каражаттарын (маска жана кол кап) кийип, коронавирус штаммына каршы күрөшүү үчүн социалдык аралыкты сакташы керек деп кошумчалады.