Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери жасалма белгилери бар жана акциздик маркаларды сактабаган, жалпы суммасы 51111,9 миң сомду түзгөн 262 327 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктерди (уруксат кагаздары (лицензиялары) жок) мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, жалпы суммасы 10,5 миллион сомго 148 692 таңгак акциздик маркасы жок тамеки буюмдары мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырган ишкердиктин субъекттерине 189 текшерүүнүн жыйынтыгында, өлкөнүн салык мыйзамдарын бузуунун 182 фактысы аныкталды. Натыйжада 1 миллион 356 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, анын 1 миллион 281 миң сому бюджетке түштү.

Ошондой эле, жыл башынан бери 658 ишкердик субъектилерине алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүүгө лицензиялар берилди. Ошол эле учурда, этил спиртин жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымдар 20 миллион 480 миң сомду түздү.