Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине министр өзү тастыктаган.

Анын айтымында, ПЦР-тестинин жыйынтыгы оң чыккан.

«Уу коргошунду үч күндөн бери ичип жатам. Мурдагы күнү абалым начарлап, дене табым көтөрүлгөн. Оору жуктургандан бери иш бөлмөмдө уу коргошун менен дарыланып жатам. Азыр жеңилдеп калдым», — деди министр.

Бейшеналиев коронавируска каршы 2021-жылдын 29-мартында коронавируска каршы Sinoрharm вакцинасы менен эмделген.

Андан кийин апрелде ал коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып, аны кантип ичүү керек экенин журналисттерге көрсөтүп берген.

 

Булак: sputnik.kg