Жакында Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында Президент Садыр Жапаров күтүлбөгөн жерден Нарындагы чек ара бөлүмдөрүнүн бирине күтүүсүздөн  текшерүү жүргүздү.

Натыйжада өлкө башчысы ал жерде электр энергиясы ушул күнгө чейин тартылбагандыгына күбө болот.

Президент бул боюнча мамлекеттик органдарга 20 күн ичинде электр энергиясын берүүнү тапшырат.

Бүгүн Президент күтүүсүз барган жерге электр чубалгылары тартылып, энергия бериле баштады.

Мамлекет башчысынын бул кадамы алкышка арзып, тургундар ыраазычылык билдиришти.