Муниципалитет ушундай төрт унаа токтотуучу жай курууну пландап жатат.

Бишкек шаарынын мэринин м.а  Бактыбек Кудайбергенов №5 гараж кооперативинин төрагалары менен жолугушту.

Гараждар Лев Толстой атындагы No1а даректе жайгашкан жана Советтер Союзунун мезгилинен бери турат. Азыр гараждар башка максаттарда колдонулуп жатат, ижара акысы үчүн муниципалитетке 4 416 786 сом карыз.

Белгилей кетсек, борбордун мэриясы гараж кооперативинин ордуна көп кабаттуу унаа токтоочу жай курууну пландаштырууда. Жол жана жол инфраструктурасын өркүндөтүп, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзө турган долбоор буга чейин даяр болгон.

Сунуш кылынган көп кабаттуу унаа токтоочу жай ыңгайлуу пайдалануу үчүн керектүү нерселердин бардыгы менен жабдылган. Автоунаа токтоочу жай 5-6 кабаттуу болуп, жалпы сыйымдуулугу 400-500 автоунаага эсептелген. Коммерциялык объектилерди биринчи кабатта жайгаштыруу пландаштырылууда: техникалык тейлөө станциясы, унаа жуучу жай, сатыкка чейин автоунаа даярдоо пункту, автосалон, авто тетиктер дүкөндөрү, вулканизация, калган кабаттар — автоунаа токтоочу жайды уюштуруу үчүн.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, жаңы унаа токтотуучу жайдан кооперативдин мүчөлөрүн артыкчылыктуу орундар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу чечими кабыл алынды.

Муниципалитет даректер боюнча ушундай төрт унаа токтотуучу жай курууну пландаштырууда алар:  П.Лумумба көч. (Кудайберген базары), Жукеев-Пудовкин — Сүйөркулов, Псковская — Сухомлинов жана Лев Толстой кесилишкен No1а.