2021-жылдын 5-июнунда дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу, Кумтор Голд Компани (КГК) ЖАКнын уюштуруучулук колдоосу менен «Кумтөр» кенине барып келишти. Делегациянын курамында Кыргызстанда аккредитацияланган Индия жана Улуу Британия өлкөлөрүнүн ыкчам жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Азербайжан республикасынын элчиси, андан сырткары эл аралык, республикалык уюмдардын делегаттары – БУУ, ФАО БУУ, ПРООН, КР ТИМи, КР ЭКМК системасынын туруктуу координаторлору болду.

Чет өлкөлүк коноктор «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын убактылуу тышкы башкаруусу киргенден кийинки кендин иши менен таанышып чыгышты.

КРнын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Динара Кутманова зыяратчыларга Канадалык Центерра Голд ИНК компаниясынан бекитилген кен оператору тарабынан кен иштетүүдө бир катар экологиялык нормалар сакталбаганын айтып берди.

Андан сырткары Динара Кутманова мекеме үзгүлтүксүз, штаттык режимде жана техникалык коопсуздукту сактоо менен иштеп жатканын белгиледи.

Чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү «Кумтор» кенинде иштеп жаткан жергиликтүү адистердин квалификациясын жана кесипкөйлүгүн жогору баалашты.

Мекеменин кызматкерлери май айындагы карьер борттору системасынын абалына, мөңгүлөрдүн эрүү абалынын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү системасы көз салуу жана көзөмөлдөөгө бөгөт коюп койгондон кийин, аталган санариптик ресурстарды кайрадан жүргүзүп, жаңы кыймылдаткычтарды орнотконун, жаңы маалыматтык программаны киргизгенин айтып беришти.

Андан сырткары визиттин жүрүшүндө кендеги калдыктарды сактоо аянтчасынын, Петров көлүнүн тазалоо негизги өндүрүштүк аянчалары көргөзүлдү. Коноктор “Кумтор” кениндеги өндүрүштүк ишмердүүлүктүн масштабы менен жүрүшүнөн таасир алып кетишти.

КГК ачыктык жана айкындуулук философиясын карманат. КГК ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына баш ийет. КГК төлөөгө жөндөмдүү компания болуп эсептелинет жана социалдык милдеттерин, Кыргыз Республикасынын бюджетинин, кызматкерлердин, уюмдардын алдындагы милдеттерин улантат.