Акыркы суткада Кыргызстанда COVID 992 адамдан аныкталып, а бейтап каза болду. Ал эми сакайып кеткендердин саны 550гө жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жуктургандар: 

  • Бишкек шаары – 567;
  • Ош шаары – 34;
  • Чүй облусу – 137;
  • Ош облусу – 42;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 22;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад – 84;
  • Баткен облусу – 65.

Айыккандар: 

  • Бишкек шаары – 230;
  • Ош шаары – 57;
  • Чүй облусу – 60;
  • Ош облусу – 67;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 15;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 52;
  • Баткен облусу – 25.

Тилекке каршы, вирус өткөн суткада алты кишинин өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынын, экөө Жалал-Абад облусунун, бири Чүй облусунун тургундары болгон. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун саны 1 977ге жетти.

Республика боюнча COVID-19 башталгандан бери жалпысынан 120 865 киши вирус жуктурду. Анын ичинен 108 465 киши сакайып кетти.

Стационарларда ушул тапта 2 995 киши дарыланып жатат. Анын ичинен 899унун абалы оор, 127 киши өтө оор абалда жатат.